Бишкек шаардык прокуратурасы менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда ишкерлердин укугун коргоо жаатында меморандумга кол коюлду. Меморандумдун алкагында инвестициялык ишмердүүлүк, ишкердикти өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды ачыктоо, аларды чечүү жолдорун издөөдө кызматташуу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.
Прокуратурадан 18-январда билдиришкендей, ишкерлик тармакка тийиштүү мыйзамдардын өзгөрүшү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тегерек стол, семинарларды уюштуруу иштери да каралууда. "Меморандумдун ишке ашуусу ишкердикти жандантууга, укук бузууларды жана мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотууга шарт түзөт",- деп айтылат маалыматта.