Темир Сариев: "Эгер газ түтүктөрүнүн схемалары толук даяр болбосо, "Газпром" конуштарыбызга газ өткөрүүдөн баш тартат"

Эгер конуштарда газ түтүктөрүнүн схемалары толук даяр болбосо, "Газпром" газ өткөрүүдөн баш тартат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, газ менен электр энергиясынын баалары бирдей болгондуктан, газы жок конуштарда жашаган тургундар электр энергиясын уурдашууда. "Буга катуу көзөмөл кылуу керек. Схемаларды даярдап берүү иштерин тезирээк бүтүрүш керек. Же болбосо "Газпром" өз ишин токтотот. Күнөөңөр өзүңөрдө болот",- деп кайрылды чиновниктерге Сариев.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 30-январында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана орусиялык “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Кыргыз Республикасынын ар бир облусуна газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан