Өлкөдөгү жакыр үй-бүлөлөр 2015-жылы мамлекеттен 4 миллиард 924 миллион сом жөлөк пул алышты

Кыргыз мамлекетиндеги жакыр үй-бүлөлөр 2015-жылы мамлекеттен 4 миллиард 924 миллион 674 миң сом жөлөк пул алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 18-январда кабарлагандай, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга былтыр 284 миллион 308 миң сом бөлүнсө, акчалай компенсация, жеңилдиктер жана сөөк коюу ишиндеги төлөмдөргө 1 миллиард 561 миллион 265 миң сом каралган.

"Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорукта иштеген ардагерлерге жана башкаларга жалпы 6 миллиард 770 миллион 248 миң сом төлөнүп берилди. Министрликтин 2015-жылкы бюджети 7 миллиард 359 миллион 500 миң сомду түздү. Мекеме өз бюджетинин 92 пайызын социалдык жактан коргоого муктаж жарандарга жумшады",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан