Токтогул ГЭСинде болгон авариялардын негизги себеби - техниканын эскилиги жеткени. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, Токтогул ГЭСиндеги техниканы иштетүү мөөнөтү 25 жыл болсо да, 40 жыл бою алмаштырылбай иштетилүүдө. "Ошонун кесепетинен авария болуп жатат. Биз үчүн бул чоң коңгуроо. Өзгөчө толук реконструкция иштерин жүргүзүш керек. Каржы булактарын издеш керек. Ири инвестицияларды тартуу боюнча тапшырмалар берилген. Кыш ортолоп калды. Дагы чилде болот. Даяр болгула. Кыштан эч кандай жоготууларсыз чыгышыбыз керек. Биз эмитен баштап кийинки кышка даярдык көрүшүбүз керек",- деди өкмөт башчы.