Өлкөдө калктын электр энергиясы үчүн карызы 1,8 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда өкмөттүн жыйынында премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылдын 1-январына карата кардарлардын таратуучу ишканалардын астындагы дебитордук карызы 1 миллиард 810 миллион сомду түздү. «Бир жыл ичинде карыз 275,6 миллион сомго ашкан, башкача айтканда, 18 пайызга өскөн»,- деди Турдубаев.
Мындан тышкары ал Токтогул суу сактагычында 2016-жылдын 12-январына карата суунун көлөмү 10,8 миллиард куб метр түзгөнүн маалымдап, бул көлөм жетиштүү экенин белгиледи.