Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-январда Сауд Арабия Падышалыгынын Мажилис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы, доктор Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим аль-Аш-шейх менен жолугушту. Иш-чара Жээнбеков баштаган парламенттик делегациянын Сауд Арабия Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында өттү.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, кыргыз парламентинин жетекчиси алгач жылуу кабыл алганы үчүн кесиптешине ыраазычылыгын билдирди. “2013-жылы сиздин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен барганыңыз тарыхый окуя болду. Бул өлкөлөр ортосундагы алаканы жакындатууга өбөлгө түздү. Ошол сапарыңыздан кийин президентибиз Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын декабрында Сауд Арабия Падышалыгына жемиштүү расмий сапар жасады”,- деди ал. Сөзүн андан ары улаган Асылбек Жээнбеков кыргыз өлкөсү Сауд Арабия Падышалыгы менен мамлекеттер аралык, анын ичинде парламенттер ортосундагы кызматташуунун ар тараптуу кеңейишине кызыкдар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде доктор Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим аль-Аш-шейх кыргыз парламенттик делегациясынын расмий сапары эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы карым-катышты өркүндөтүүгө чоң салым кошорун айтты. “Сиздин жана сиз жетектеген парламенттик делегациянын расмий сапар менен келишине өтө кубанычтамын. Сиздин 17-январда улуу даражалуу падышабыз Салман бин Абдельазиз аль-Сауд менен болгон жолугушууңуз өтө жогорку деңгээлде өттү. Бул мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташууну мындан ары арттырууда маанилүү роль ойнойт. Биз бардык маселелерди ачык талкуулашыбыз абзел”,- деген Сауд Арабиянын парламентинин төрагасы өзү жетектеген парламенттин иши тууралуу учкай маалымат берди.
Баарлашуу учурунда Жээнбеков маектешинин көңүлүн айрым олуттуу маселелерге бурду. “Президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрында Сауд Арабияга жасаган расмий сапарында бир катар макулдашууларга жетишилген. Аларды жүзөгө ашырууну тездетүү зарыл. Өзгөчө жакынкы мезгилде президентибиздин инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорго 100 миллион доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен Сауд Арабиянын падышасынын дарегине жолдогон кайрылуусун ишке ашыруу маанилүү”,- деген Жээнбеков мамлекеттик "Ыйман" фондуна аталган өлкө тараптан колдоо көрсөтүлүшүнө маектешинин көрүп жаткан аракеттерине ыраазычылыгын билдирди.
Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-шейх Кыргыз-Сауд Арабия биргелешкен фонду тууралуу маселе көзөмөлгө алына турганын айтты. Ошондой эле жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди, улуу даражалуу падышага, өлкө жетекчилигине жеткирерин баса белгиледи. Мындан сырткары эки тараптуу мамилелерди жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. “Биз Кыргыз Республикасына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз жана бири-бирибизди чын ыкластан колдоого муктажбыз. Парламенттер аралык достук тобунун жолугушууларын байма-бай уюштуруп турушубуз керек”,- деп белгиледи ал.
Кесиптешинин кебин кубаттаган Жээнбеков VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Сауд Арабия менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобу түзүлгөнүнө токтолду. Анын пикиринде, парламенттер аралык кызматташууну тереӊдетүүдө эки парламенттин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин жана достук топторунун ортосунда өз ара жолугушуулары маанилүү.
Жээнбековдун 2016-жылдын сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өтчү Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кадырлуу конок катары катышып кетүү чакыруусун ал ыраазычылык билдирүү менен кабыл алды.