Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Улуттук гвардиянын кол башчысы Сатыбалдиев маалымат берип, аталган мыйзам КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын ченемдерине ылайык келтирүүгө багытталгандыгын жана көрсөтүлгөн мыйзам долбоорду кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражатынын сарпталышын талап кылбастыгын белгиледи.
Баяндамачы мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын укуктарын кысым көрсөтүүгө жол бербөө максатында, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн чечими менен бириктирүү, түзүү, реорганизациялоо жолу менен жаңы аскердик башкаруу органдары түзүлөрүн, мамлекеттик аскердик органдардын аталышына өзгөртүүлөр киргизилерин эске алуу менен органдардын аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбаш үчүн "аскер кызматчылары" деген бирдиктүү аталышты колдонуу чарасын сунуштады.
Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн пикири эске алынуу менен “КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.