2015-жылы “Түндүк электр” ишканасынын бөлүштүрүү тармагына 5,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясы келип түштү, бул 2014-жылга салыштырмалуу 654 миллион киловаттка аз. Мекеме 18-январда өзүнүн бир жылдык электр энергиясынын баасы 6,7 миллиард сомду түзүп, мунун 6,6 миллиард сому чогултулганын билдирди. Жыл жыйынтыгында электр энергиясындагы жалпы жоготуулар 14,8 пайызды түздү.
Өлкө жарандары 2015-жылы электр энергиясы үчүн төлөмдү 96,9 пайызга, өндүрүш мекемелери 98,6 пайызга, бюджеттик уюмдар 99,7 пайызга, айыл чарба мекемелери 97,2 пайызга, башка керектөөчүлөр 98,6 пайызга аткарды.