Төрөбаев менен Бабанов парламенттик комитеттердин жыйындарын ар кандай маселелерден баштоону сунушташты

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутаттар комитеттердин жыйындарын ар кандай маселелерди талкуулоодон баштоону сунушташты.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, соттук реформа аягына чыга электигине эл нааразы болууда. "Соттор ар кандай чечимдерди чыгарып жатышат. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор бир чечимди чыгарышса, Жогорку Сот карама-каршы чечим чыгарууда. Жөнөкөй жарандар буга нааразы. Парламент мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлүнө алыш керек",- деди Төрөбаев.

Депутат Өмүрбек Бабанов буга макул болду. "Ар кандай маселелерди кароонун мөөнөтүн чектөө керек. Биздин комитетте 3 фракция лидери отурат. Бул комитеттин чоң саясий ордун көрсөтөт. Соттук систем коррупцияны түп-тамыры менен жок кыла алат",- деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан