Жанар Акаев өлкөдө аңчылыкка тыюу салуучу мыйзам демилгеледи

Парламент депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгелешти. Мыйзам долбоорунда өлкөдө 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу жолдору каралууда (карышкырлардын, түлкүлөрдүн жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу чараларын кошпогондо).

"Азыркы учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш жүргүзүшөт, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 миллион гектар, анын ичинен 7,2 миллион гектары мамлекеттик, 3,2 миллион гектары коомдук жана 4 миллион гектары жеке жактарга таандык. Расмий маалыматтын гана негизинде кыргыз жеринде 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 миллион сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьердик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган. Эң негизгиси, жапайы жаныбарлардын саны акыркы 20 жылда өтө эле азайды. Көпчүлүк аймактарда кээ бир жаныбарлардын түрлөрү жолукпай калды" деп айтылат мыйзам долбоорунун маалым кат-негиздемесинде.

Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан