Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы эмне себептен Чолпон Эсенаманованы жана Элмира Жумалиеваны депутаттык мандаттан ажыратканын айтып берет.
Тиешелүү чечим жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. Бул маселени кароону депутаттар Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев демилгелешкен. Алардын демилгесине 7 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш беришкен. Жыйынтыгында маселе күн тартибине киргизилди.
Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазган. Жогорку Сот бул маселени 21-январда карамакчы.