Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия Падышалыгына жасаган расмий сапардын алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Каржы министри Ибрагим Абдельазиз аль-Ассаф менен жолугушту. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мамилелер тууралуу сөз жүргөнүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Ибрагим бин Абдельазиз аль-Ассаф кыргыз парламенттик делегациясынын Сауд Арабия Падышалыгына келишин кубаттап, мындай сапарлардын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы байланыш мындан дагы жандана турганына ишеним артарын айтты. Анын пикиринде, мамлекеттер аралык мамилени өнүктүрүүдө тараптарга бирдей пайда келтирүүчү долбоорлордун ишин арттыруу абзел.
Жээнбеков бүгүнкүдөй жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө түрткү болоруна бекем ишенерин билдирди. Буга улай президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрь айында Сауд Арабия Падышалыгына жасаган расмий сапарында жетишилген бир катар маанилүү макулдашууларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Ибрагим бин Абдельазиз аль-Ассаф Кыргыз Республикасынын Президенти менен өз өлкөсүнүн падышасы берген тапшырмаларды аткарууга бардык күчүн жумшаарын билдирди. Анын кабарлашынча, мамлекеттер ортосундагы ушу кезге чейин сүйлөшүлгөн төрт долбоордун экөөсү иштеп жатат. “Биз Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун ар тараптуу багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Жаңы долбоорлор сунушталса, сүйлөшүүгө даярбыз. Падышабыздын тапшырмаларын аткарабыз”,- деген министр кыргыз өлкөсүндө кандай тармактарга инвестиция салуу ыңгайлуу экендигине кызыкты.
Кыргыз тараптын саудиялык инвестицияларды Кыргыз Республикасынын экономикасына тартууга кызыкдар экендигин белгилеген төрага инвестициялык долбоорлорго мыйзамдык көмөк көрсөтүүгө жана бул жаатта кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө Жогорку Кеңеш даяр экендигине ишендирип өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Асылбек Жээнбеков 2016-жылдын апрелинде мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү максатында эки өлкөнүн Соода-өндүрүш палаталар алкагында III Кыргыз-Сауд Арабия бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын маалымдады. "Кыргыз мамлекети жана Сауд Арабиянын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча жакынкы арада өкмөт аралык комиссия түзүү маанилүү", - деген төрага бул багытта кыргыз тарап иш баштоого даяр экендигин баса белгиледи.
Кыргыз парламентинин жетекчиси Саудия өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы балдар ооруканасын, мамлекеттик мектептерди куруу жана оңдоп-түзөө боюнча жалпысынан 60 миллион долларлык эки долбоорду жүзөгө ашыруу чечимин чыгарганын канааттануу менен белгиледи. Бул эки жеңилдетилген насыялык келишимге кол коюу жагдайларын талкуулоого быйыл февраль айында Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы Сауд Арабияга келерин кабарлады.
Жээнбеков аны кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Министр төраганын чакыруусун кабыл алды.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Канатбек Исаев, Төрөбай Зулпукаров, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов, Тазабек Икрамов жана Динара Исаева катышты.