Жогорку Кеңештин спикери менен Сауд Арабиянын ханзаадасы жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 19-январда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары жана коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз аль-Сауд менен жолугушту.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар экономикалык карым-катышты чыңдоонун тегерегинде сөз кылышты. Өлкөлөр ортосундагы актуалдуу маселелер, алдыда күтүлүп жаткан социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун айланасында кеңири пикир алышканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан