Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда "Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга каршы пикир билдирип, документти кайра Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Президенттин каршы пикиринде жеке менчик медициналык мекемелерге жарандардын жакын туугандарынын органдарын трансплантациялоо укугунун берилиши жарандардын жеке кол тийбестигине, ден соолугуна жана өмүрүнө кол тийгизүү болуп саналары, буга ылайык, жеке менчик уюмдардын бул тармакка кийлигишүүсүнө уруксат берүү жарандардын кызыкчылыгын коргоо жагынан алганда так жана көп тараптан жөнгө салынышы керектиги айтылат.
Медициналык мекемелердин адам органдарын алмаштырууга укук алышы үчүн катаал критерийлер орнотулуп, донорлордун макулдугун аныктоо жана текшерүү механизмдеринин ачыктыгы, органын берүүгө макулдук берген адамдын дарылануусун кепилдендирүүнү күчөтүү, тийиштүү органдардын жоопкерчилиги жаатында тактай турган жагдайлар бар экени белгиленди.
Документке билдирген президенттин каршы пикири эми Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде талкууланат.