Жогорку Кеңештеги Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 19-январдагы жыйынында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев баяндама менен чыгып сүйлөп берди. "Бул жерде эч кандай саясат жок, бир гана экономика. Орусиялыктар ГЭСтерди куруу долбоорлорунан баш тартышкан жок, алар жаңы шарттарды сунушташты. Бул шарттар кыргыз тарабынын кызыкчылыктарына жооп бербейт",- деди Кайкиев.
Комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиевдин сунушу менен депутаттар макулдашууларды денонсациялоо долбоорлорун жактырышты.