Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде 19-январда республикада маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү боюнча “Кыргызтелекомдун” иштери тууралуу маалымат угулду.
Компаниянын жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин айтымында, ишкананын акциялык үлүшү төмөнкүдөй бөлүнгөн: Мамлекеттик мүлк фонду – 77,84 пайыз, Социалдык фонд – 12,51 пайыз, юридикалык жактар – 2,84 пайыз, жеке жактар – 6,75 пайыз. Маалыматка таянсак, учурда “Кыргызтелекомдун” 1 миллиард 56 миллион 460 миң сом өлчөмүндө насыялык карызы бар.
Комитет төрагасы Иса Өмүркулов өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык телекоммуникациялык транзит трафиги "Кыргызтелекомдун" көзөмөлүндө болушу керектигин белгилеп: "Телекоммуникация - мамлекеттин көзү менен кулагы. Терроризм жаңы деңгээлге чыкты. Биз болсо телекоммуникациябызды өнүктүрө албай жатабыз",- деп билдирди.