Бишкекте бүгүн, 19-январда премьер-министр Темир Сариев “Центерра” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана компаниянын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту.
Тараптар “Кумтөрдүн” тегерегиндеги учурдагы кырдаалды талкуулашты. Сариев кыргыз өкмөтү 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жана бул долбоордун алкагында “Центерра” компаниясынын сунуштары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирди.
Өкмөт жетекчиси “Центерранын” Директорлор кеңеши компаниянын 4,6 миллион даана акциясын кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими эң ири акционер болгон Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына дал келбей турганын да айтты. Жолугушууда "чучук чуусу" тууралуу да сөз козголуп, Сариев "Кумтөрдө" иштеген чет элдик адистердин кыргыз элинин каада-салтына, маданиятына шек келтирчү аракетине жол берилбей турганын билдирди.
“Центерранын” жетекчилиги акыркы окуялар боюнча өкүнөрүн белгилешип, мындан ары мындай нерсенин кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөрүн убадалады. Тараптар “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүз жүрүшүнө кызыкдар экенин жана биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдиришти",- деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы.