Премьер-министр Темир Сариев республика аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга карата жазаны күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу 19-январда өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Сариев жаныбарларды коргоо өлкөнүн ар бир жаранынын милдети экенин, бул жаатта биргелешип иштөө зарылдыгын айтат. "Күнөөлүү адамдардын мыйзам чегинде жазаланышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл",- деди ал.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары тоо жаныбарларын атууга 2030-жылга чейин тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты (карышкыр, түлкү, чөөлөргө чара көрүүнү кошпогондо).