Ломбард тармагындагы чырларды жөнгө салууга өкмөттүн алы жетпей калды

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 19-январда өлкөдөгү ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун жактырып, биринчи окууда парламенттин кароосуна чыгарууну чечти.

Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун айтымында, кыргыз мамлекетинде ломбард иши лицензиялык уруксат аркылуу жүргүзүлүп, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган. Ломбард тармагында азыр талаш-тартыштар арбын экени, алардын баарын Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салууга мүмкүн болбой калганы айтылды.

"Ломбард иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сыртта калбашы керек. Ошондуктан аны мамлекеттик жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мында ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары толугу менен камтылды",- дейт Муканбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан