Жогорку Кеңеште мандаттан ажыратылган депутаттар боюнча кайрадан талаш чыкты

Парламенттин 20-январдагы жыйынында депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу аракети боюнча БШКнын маалыматын угуу боюнча кайрадан талаш чыкты. Жыйын башында депутаттар бул маселе Жогорку Кеңештин мурунку жыйындарынын күн тартибине кирип, бирок каралбай калганын, бүгүн биринчилерден болуп кароо зарылдыгын айтышты.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков маселенин каралышына каршы. "Бул маселени кароонун зарылчылыгы жок. Эртең бул иш Жогорку Сотто каралат, бүгүн парламентте карасак, анда сотко басым жасаган болуп калабыз. Депутаттар өз каалоолору менен арыз жазышкан, мындай маселени ал тургай фракция дагы карабашы керек",- деди Баатырбеков.

Мындай пикирге депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгышты. Маселенин каралары же каралбасы чечиле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан