Депутаттар "мандат чуусу" боюнча БШКны угууну чечишти

Жогорку Кеңештин 20-январдагы жыйынында депутаттар айрым кесиптештерин мандаттан ажыратуу аракети боюнча БШКнын маалыматын угууну чечишти. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин сунуш добушка коюлуп, 54 депутат "макул", 26 депутат "каршы" деп добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн парламентте депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу чечими боюнча маалымат беришет (акыркы маселе).

Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Райондук соттун чечимине макул болбогон БШК жогорку инстанцияга арызданды. Маселе 21-январда Жогорку Сотто каралганы жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан