Москвага Кыргыз илим жана маданият үйүн куруу боюнча макулдашуу ратификацияланганы жатат

Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйү курулмакчы. Тийиштүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 20-январда парламент жыйынында үчүнчү окууда каралууда. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн билдиришинче, долбоорду ишке ашырууга акча табыла элек.

"Макулдашуу ратификацияланса, Москвадан жер бөлүнүп берилет. Орусиядагы кыргыз жарандарынын биримдигинин каржылоосу менен мекеме курулмакчы. Шарттары өз ара макулдашылат. Мекеме өлкөбүздүн Орусиядагы элчилигинин алдында иштейт, кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына иштебейт",- деп билдирди министрлик өкүлү.

Демилгечилер долбоордун негизги максаты - эки жактуу кызматташтык программаларын ишке ашыруу, эки өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, эки элдин турмушунда болгон окуялар, алардын маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу, өз ара байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү, илимий жана маданий мекемелер менен уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү экенин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан