"Өлкөбүздө ууру менен алдамчынын заманы бүтүп баратат",- деди бүгүн, 20-январда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев.
"Эл түшүнүп баштады: эгер бай болгуң келсе, бизнеске бар. Мамлекеттик кызматта иштеп мультимиллионер болгондордун орду түрмөдө. Бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды алып жаткандар мындан да чоң сыйлыктарга татыктуу. Мамлекетибиздин туруктуулук жолун тапканына силердин салымыңар чоң. Силердин салымыңар болбосо, башкача бир кыйын абал болмок. 4-5 жыл мурун кандай абал болгону баарыбыздын эсибизде. Кудайга шүгүр, биз өнүгүү жолу менен баратабыз. Албетте, мен силерди чын жүрөктөн куттуктайм! Бүт кыргыз элинин атынан куттуктайм!"- деди Атамбаев.
Айта кетсек, президенттин тиешелүү буйругуна ылайык, "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын ("Супер-Инфо" гезити) директору Шаиста Шатмановага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылат. Ал эми II даражадагы Манас ордени менен белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев жана Жогорку Соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашева сыйланышат.
III даражадагы Манас ордени велоспорт боюнча кыргыз улуттук курамасынын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Ош облусунун мурунку башчысы Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотовго ыйгарылмакчы.
Жалпысынан жүздөн ашык жеке жана юридикалык жактар сыйлык алышат. Алардын арасында Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланышкандар дагы бар.