Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылы болчу мааракелик иш-чаралардын тизмесин бекитти. Тизмеге Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, 1916-жылкы Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин негизделгендигинин 90 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин негизделгендигинин 80 жылдыгы кирди.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө өкмөт тарабынан эл аралык маанидеги иш-чара катары аныкталды.
"Өкмөт мааракелик иш-чараларга карата мамилени кайрадан карап чыгып, мамлекеттин жана эл турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларды өткөрүүгө басым жасамакчы. Президент 2016-жылды Тарых жана маданият жылы катары жарыялагандыгына байланыштуу аны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн өкмөт чечими аркылуу Мамлекеттик дирекция түзүлгөн, ага кыска мөөнөт ичинде иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылган",- деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы.