Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамды 3 окууда тең жактырды. Жыйынга катышкан 97 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти.
Айта кетсек, КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев парламенттик комитетте аталган маселе боюнча сүйлөп жатып: "Бул жерде эч кандай саясат жок, бир гана экономика. Орусиялыктар ГЭСтерди куруу долбоорлорунан баш тартышкан жок, алар жаңы шарттарды сунушташты. Бул шарттар кыргыз тараптын кызыкчылыктарына жооп бербейт",- деген.