Парламент: Күн тартибине араң киргизилген "мандат чыры" боюнча БШКнын маалыматы бүгүн да угулбай калды

"Кыргызстан" фракциясынын эки депутатын мандаттан ажыратуу аракети боюнча БШКнын маалыматын угууга депутаттар жетиштүү чогулган жок. Жогорку Кеңештин 20-январдагы жыйынына төрагалык кылып жаткан Нурбек Алимбеков кворум жок болгондуктан маселени кароо эртеңкиге калганын билдирип, жыйынды жапты.

15 мүнөт мурун эле жыйында 97 депутат отурган. БШКны угуу үчүн 45 гана депутат залга кирип каттоодон өттү (61 депутат болсо кворум камсыздалат).

Белгилей кетсек, маселе парламенттин мурунку жыйынында да кворум жоктугунан каралбай калган эле. Бүгүн депутаттар талашып-тартышып жатып күн тартибине киргизишкен. Айрым депутаттар "өткөн аптада атайылап депутаттар жыйынга келбей коюшуп, БШКнын маалыматын укпай калганбыз" деп билдиришкен. Оппозициялык фракциялардын депутаттары маселенин каралышына кызыкдар. Ал эми коалициядагы депутаттардын айрымдарын кошпогондо көпчүлүгү каршы болушууда.

Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Райондук соттун чечимине макул болбогон БШК жогорку инстанцияга арызданды. Маселе 21-январда Жогорку Сотто каралганы жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан