Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов азыркы учурда автоунааларды камсыздандырууда жеке менчик камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыктарын коргогон гана кадамдар жасалууда деген пикирде.
"Парламент" радиосунун 20-январдагы түз эфиринде депутат камсыздандыруу компанияларынан компенсация алуу тартиби татаалдашканын сындады. Дүйнөлүк тажрыйбада жол кырсыгына катышкан күнөөлүү тарап да, күнөөсүз тарап да унааларын камсыздаса, экөөнө тең бирдей төлөм караларын белгилеп:
“Ал эми бизде сунушталып жаткан мыйзамда "камсыздандыруу бир гана күнөөсүз тарапка төлөнүп, ошол жол кырсыгына күнөөлүү тараптан кайра каражат өндүрүлүп алынат" деп жазылганы эч кимге жакпайт”,- дейт Шыкмаматов.