Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Алимбеков депутаттардан катуу сын укту. Депутат Кенжебек Бокоев жыйынга төрагалык кылуучуну Жогорку Кеңештин регламентин бузганы үчүн айыптап, мыйзамды сыйлоого чакырды.
"БШКнын маалыматын угуу күн тартибине киргизилген. Бирок кечээ жыйындын аягында кворум жок деп жыйынды жаап салдыңыз, а бирок өзүңүз каттоодон өтпөй кетип калдыңыз. Кайсы бетиңиз менен алдагы жерде отурасыз? Сизди вице-спикерлик кызматка биз шайлаганбыз, иштегиңиз келсе бизди, мыйзамды сыйлаңыз. БШКнын маалыматын угушубуз керек",- деп билдирди Бокоев.