Жогорку Кеңештин депутаттары "мандат чыры" боюнча БШКнын маалыматын бүгүн түшкө чейин угууну чечишти. Сунушка 60 депутат "макул", 20 депутат "каршы" деп добуш беришти. Маселе күн тартибине кызуу талаш-тартыштан кийин кирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн парламентте депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу чечими боюнча маалымат беришет.
Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Райондук соттун чечимине макул болбогон БШК жогорку инстанцияга арызданды. Маселе бүгүн, 21-январда Жогорку Сотто каралганы жатат.