Депутаттар энергетикадагы кемчиликтерге күнөөлүүлөргө чара көрүү зарылдыгын айтышты

Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев энергетика тармагындагы кемчиликтерди атап, тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын айтты. "Калыбына келтирүүгө көп каражат салынып жатканына карабастан, бир жыл ичинде Токтогул ГЭСинде эки жолу авария болду. Ал үчүн эч ким жооп берген жок. Энергетика тармагында мындай мисалдар арбын. Бул сыяктуу кыйчалыш маселелерди кылдат териштирип чыгып, тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Ансыз энергетика тармагындагы абалды оңдой албайбыз",- деп билдирди депутат.

Депутат Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууну денонсациялоо туура болгонун белгиледи. "Бирок долбоордун алкагында берилген 37 миллион доллар кайда жумшалганын териштирүү керек",- деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан