Кара-Балтадагы "Жунда" заводунун жабылышынан премьер-министр Темир Сариевдин кабары бар. Муну парламентте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (финпол) башчысы Бактыбек Аширов билдирип, бул боюнча өкмөт башчы менен сүйлөшүү болгонун билдирди.
Жыйынга төрагалык кылуучу Нурбек Алимбеков: "Эгерде өкмөт башчынын кабары болсо, анда муну парламентте кароонун канчалык зарылчылыгы бар?"- деп билдирип, буга депутат Кожобек Рыспаев: "Эмне, өкмөт башчы Аширов менен сүйлөшүп алып ири ишкананы жаап койсо боло береби? Биз парламент, өкмөт башчыны шайлаганбыз. Акты ак, караны кара дешибиз керек. Алар "бизди финпол жаап салды" деп жатышат. Башкы прокуратура териштирсин, экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы мыйзамсыз жапса жоопко тартылсын. Эгерде андай эмес, "Жунда" ишканасынын жетекчилиги шантаж кылып жатса, алар жооп бериши керек",- деген жооп узатты.
Парламент депутаттары 1 сааттык танаписке чыгышты.