Парламентте Кара-Балта шаарындагы "Жунда" заводун ким токтотконун тактай албай жатышат. 19-январда Кара-Балтага барып келген депутаттар завод токтоп турганын айтышып, буга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышууда. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги заводду токтотпогонун билдирип, завод азыркы учурда иштеп жатканын же жабылып турганын айта албады.
"Биз заводду жапкан эмеспиз, ишкана эмне үчүн иштебей турганын билбейм. Биз диспетчердик блоктун чиптериндеги маалыматтарды алып, чиптерин кайра бергенбиз",- деди аталган кызматтын башчысы Бактыбек Аширов.
Депутат Кожобек Рыспаев заводдун өкүлдөрү менен азыр эле байланышканын, өндүрүштү башкаруучу бөлүмдүн эшиги кагазга мөөр басылып, кулпуланып турганын кабарлады.
Жогорку Кеңештин 6 депутаты Кара-Балтага жөнөп жатышат. Заводду көрүп келишип, парламенттен маалымат беришет.