Кожобек Рыспаев: "Жыйында "депутаттар өзүбүздү таркатабыз” деп айткан жокмун, “мындай кыла берсек, анда эл бизди кайра таркатат” дегем”

Депутат Кожобек Рыспаев 20-январдагы жыйында парламентти таратуу боюнча айтпаганын бүгүн "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутаттын айтканын журналисттер туура эмес жазып койгонун белгиледи.

“19-январда Кара-Балта шаарында жайгашкан "Жунда" мунайзатты кайра иштетүү заводунда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынын өткөргөнбүз. Ошол учурда заводдун жетекчилиги заводдун иши токтотулуп, 900гө жакын адам жумушсуз калганын, ага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын текшерүүсү себеп болгонун айтышкан эле. Парламентте мына ошол маселе боюнча анын жетекчисинин маалыматын угалы дегенбиз. Андан сырткары айрым депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мандатынан ажыратылган эл өкүлдөрү тууралуу маалыматын угуу сунушун да берген болчу. Бирок кворум жок деген шылтоо менен жыйынды жаап коюшту.

Мына ошондо “Урматтуу депутаттар, эл бизге ишенип, биз үчүн кызмат кылат деп шайлаган. Мындай кыла берсек, анда эл бизди кайра таркатат” деп айткам. Аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “депутаттар өзүбүздү өзүбүз таркатабыз” деп жазып чыгышты. Бул туура эмес. Айтылган сөздү так жазыш керек да”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан