Бүгүн, 21-январда Жогорку Сотто мандаттан ажыраган депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын тарапташтары митинг өткөрүшүүдө. 10го жакын адам "Жогорку Сот, адилеттүү чечим чыгар!", "Жумалиева - биздин депутат" деп жазылган плакаттар менен турушат. Учурда Жогорку Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын арызы каралууда.
Айта кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазган.