Жогорку Кеңеш ГЭСтерди курууга бөлүнгөн 37 миллион доллардын жумшалышын иликтөөчү комиссия түздү

Жогорку Кеңеште Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишиминин алкагында бөлүнгөн 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияга 6 фракциядан депутаттар мүчө болуп киришти. Комиссия түзүү боюнча токтомго 80 депутат "макул", 9 депутат "каршы" добуш берди.

Комиссия түзүүнү сунуштаган "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов: "Келишимди бузган тарап сарпталган каражатты төлөп берет" деген норма бар. Кыргыз мамлекети төлөөгө мажбур. Биз долбоорду ишке ашырууга бөлүнгөн 37 миллион доллар кандай сарпталганын такташыбыз керек",- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан