"Мандат чыры" боюнча парламентке БШКдан эч ким келген жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү "мандат чыры" боюнча маалымат берүү үчүн 21-январда парламентке келишкен жок. Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери: "БШКга эртең менен саат 10:30да телефонограмма жиберилген. Сот жыйынына катышып жатканына байланыштуу БШКдан эч ким парламентке келе албай турганы тууралуу жооп келди",- деп билдирди депутаттарга.

Депутаттар Жогорку Соттун жыйынынын бүтүшүн күтмөй болушту. "Маселе күн тартибинен алынбайт",- деди жыйынга төрагалык кылуучу Нурбек Алимбеков.

Белгилей кетсек, бул маселени парламент эки аптадан бери карай албай жатат. Мурунку жыйындарда кворум жоктугунан улам каралбай келген. Эртең менен күн тартибине киргизилип, бүгүн каралмай болгон эле. Толугураак бул жакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан