Төрага Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация Ислам кызматташуу уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация Сауд Арабия Падышалыгына жасаган расмий сапардын алкагында Жидда шаарында Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) штаб-квартирасында аталган уюмдун башкы катчысы Ияд Амиин Мадани менен жолугушту. Жолугушуу алгач чакан, андан соң кеңири форматта өттү.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, төрага Кыргыз Республикасындагы туруктуу саясий жана экономикалык өнүгүү багытында көрүлүп жаткан чаралар, 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле парламенттик шайлоо даярдыгына жана уюштуруусуна мониторинг жүргүзүү үчүн ИКУнун байкоочулар тобунун катышкандыгына ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргыз мамлекети ИКУ менен эки тараптуу кызматташуусун ар тараптан өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү жактайт”,- деди парламент жетекчиси. Сөзүн андан ары улаган Жээнбеков Кыргыз Республикасынын аталган уюмдагы мүчөлүктү өзүнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири катары эсептээрин, бул жолугушуу дагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө түрткү беришине бекем ишеним артарын баса белгиледи.

Башкы катчы кыргыз өлкөсүндөгү парламенттик шайлоо өлкө үчүн абдан маанилүү окуя болгонун билдирди. “Бул шайлоо адилеттүү, күчтүү мамлекетти курууга ташталган чоң кадам болду”,- деген катчы Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташууну арттырууга ал жетектеген уюмдун дилгирлигин баса белгиледи.

Маданий, диний жана агартуу ишмердүүлүгүндө Ислам кызматташуу уюмунун жогорку мүмкүнчүлүктөрүн белгилеген төрага: “Дүйнөдөгү эң ири өнүгүү институттарынын бири саналган Ислам өнүктүрүү банкы менен катар Ислам кызматташуу уюмунун экономикалык түзүмдөрү менен кызматташууну күчөтүү маанилүү”,- деп кошумчалады. Ошону менен катар президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн мамлекеттик “Ыйман” фондунун ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен аталган уюмдун ортосундагы көп кырдуу өз ара аракеттешүүнү тереңдетүүгө Жогорку Кеңеш дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирип өттү.

Башкы катчы ушул жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасына келерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан