Алмазбек Атамбаевге энергетика тармагындагы кырдаал тууралуу маалымат берилди

Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев бүгүн, 21-январда президент Алмазбек Атамбаевге өлкөнүн энергетикалык тармагындагы азыркы кырдаал, ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, тармакты өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлордон түшүп жаткан сунуштар тууралуу маалымат берди.

Өлкө жетекчиси жылытуу сезонунун ийгиликтүү аякташы үчүн энергетиктер бардык күчүн жумшашы керектигин, элди электр энергиясы менен камсыздоодо чыккан көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү зарылдыгын белгилейт. "Президент энергетика адистеринин алдында ири ГЭСтерди реконструкциялоо, Бишкек ЖЭБин жана негизги электр түйүндөрүн жаңылоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чоң милдет турганын айтты",- деп билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан