Сотто мандаттан ажыраган депутаттардын адвокаты арыздар шайлоого чейин ыктыярдуу жазылбаганын айтышты

Бүгүн, 21-январда Жогорку Сотто мандаттан ажыраган депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын маселеси боюнча иш каралууда.

Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү аталган депутаттар өз ыктыяры менен мандатты тапшырышканын айтты. Депутаттардын адвокаты бул арыздар жазылганын ырастап, бирок шайлоого чейин ыктыярдуу жазылбаганын билдиришти.

Үч судьядан турган соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнө кетишти.

Айта кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан