Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту угулууда

Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту угулуп жатат. Жыйынга өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин берген маалыматына караганда, 2014-жылы фонддун жалпы кирешеси, жыл башындагы калдыкты кошуп эсептегенде, 38614979,4 миң сомду түзгөн. Анын ичинде 22052566,9 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү түшүп, план 100,6 пайызга аткарылды. Жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында 20817969,0 миң сом утурумдук төлөмдөр жана 1234597,9 миң сом өткөн жылдар үчүн мөөнөтү өткөн карыздардын төлөмү болуп саналат.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдик берилген пенсияларды жана пенсияга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясына компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 2014-жылга 15322700,0 миң сом суммасында түштү. Мындан сырткары 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин 214380,0 миң сом карызы жоюлду.

2014-жылы фонддун бош акча каражаттарын коммерциялык банктардын мөөнөттүү депозиттик эсептерине жайгаштыруудан, туумдар жана айыптардан, дивиденддерден, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк акча калдыктарына пайыздардан жана башка булактардан алган кирешеси 252581,4 миң сомду түздү.

Социалдык фонддун 2014-жылдагы чыгымдары 37607215,6 миң сомду түздү, анын ичинде:
- Пенсиялык фонддуку - 34614806,1 миң сом;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку – 1717394,2 миң сом;
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку – 213194,3 миң сом;
- Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку – 1061821,0 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан