Жогорку Сот депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратты

Жогорку Сот "депутаттык мандаттар чыры" боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин канааттандырган жок. Ошентип, Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенамановага депутаттык мандаттар кайтарылып берилбейт.

Айта кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан