"Кыргызстан" фракциясынын эки депутатын мандаттан ажыратуу аракети боюнча БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева парламентте маалымат берүүдө. "2016-жылдын 5-январында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевден депутаттарды фракциядан чыгаруу боюнча БШКга кат түшкөн. Кат компьютерде терилген экен. Маалыматтарды толуктап карап чыгууга БШКда жетишпей калдык",- деди Журабаева.
Маселе боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү да маалымат берди. "12-январда депутат Элмира Жумалиевадан арыз түштү. "Биздин арызыбыз жок, жасалма документтер менен мандаттан ажыратты" деп айтылат арызда. Ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына тапшырганбыз. Тергөө жүрүп жатат, буга укуктук баа берилет",- деди Башкы прокуратура өкүлү.