Бабанов: "Арыз жазган эмеспиз" дегенине карабай Жогорку Сот эки депутатты мандаттан ажыратты"

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламенттин эки депутатын мандаттан ажыратуу боюнча Жогорку Соттун чечимин сындады. Бабанов жасалма арыздын негизинде депутаттарды мандаттан ажыратуу жеткен мыйзамсыздык экенин белгилейт.

"Депутаттар "биз мандаттан баш тартууга арыз жазган эмеспиз" деп чуркап жүрүшсө да болбой БШК алардын ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Жасалма арыздын негизинде Жогорку Сот чечим чыгарып, депутаттарды мандаттан ажыратты. Бул нерсе сот тармагын реформалоо зарылдыгын көрсөттү",- деп билдирди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан