Кара-Балтага барып келген депутаттар "Жунда" заводу продукция чыгарбай, бош (холостой) иштеп турганын айтышты.
"Былтыр 17-декабрда 54 миллион сом салык төлөнбөй калганы үчүн заводго иш козголуптур. Каржы полициясы 11-январда атайын багыттагы аскерлер (спецназ) менен барып заводго кирип, бардык документтерди алып, ишкананы башкарган 4 чоң процессор турган бөлмөнү жаап кеткен. Аны видеого тартып алдык.
Бир чипти гана бериптир, калган чиптер азыркы учурда финполдо. Завод бош иштеп жатат, анткени ишкана кышында токтоп калса болбойт экен. Токтогондон бери 500 миң доллар зыян тартканы айтылды. Завод жетекчилиги 54 миллион сомду төлөптүр. Заводдун жетекчисинин орун басарын камактан бошотуп, заводду тезирээк ишке киргизүүнү суранууда",- деди заводго барып келген депутаттардын бири.
Депутаттар ири ишкананы токтоткону үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) жетекчилигине чара көрүүнү сунушташууда.