Өкмөт оң рулдуу унааларга чектөөнү 2020-жылга чейин киргизбей турууга макул эмес

Жогорку Кеңеш 21-январда бийик тоолуу аймактарга каралган жеңилдиктерди, врачтардын 1,5 ставкада иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жоюу, оң рулдуу автоунааларда жүргүнчү ташууга тыюу салуу, үйдү жана автоунааны камсыздандыруу боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратовдун маалыматын укту.

Депутаттар кризистик кырдаалда бийик тоолуу аймактарга буга чейин төлөнүп келген кошумча төлөмдөрдү калтыруу, врачтардын 1,5 ставкада иштөө мүмкүнчүлүктөрүн берүү жана оң рулдуу автоунааларда жүргүнчү ташууга 2020-жылга чейин уруксат берүү зарылдыгын айтышып, элдин пикири менен эсептешпей туруп жеңилдиктерди кыскартууну демилгелеген өкмөттү сынга алышты.

Маалыматка караганда, Эмгек кодексине ылайык, бийик тоолуу аймактагы бюджеттик кызматкерлерге жеңилдиктер негизги ишине каралып келген, ал эми кошумча ставкасына коэффициенттер төлөнгөн эмес. Жергиликтүү элдин өтүнүчү менен кошумча ставкага да коэффициенттерди төлөөнү киргизүү маселеси жумушчу топ тарабынан иштелип жатат. Панкратов оң рулдуу унааларда жүргүнчү ташууга 2020-жылга чейин уруксат берүүгө макул эместигин, бирок кандайдыр бир убакыт караларын билдирди.

Депутаттар үйдү жана автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча да өкмөт өкүлдөрүнүн жообуна канааттанбаганын айтышып, өкмөттү социалдык маселелерге этияттык менен мамиле жасоого чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан