21-январда парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Демилгечилер мамлекеттин, банктардын жана алардын кардарларынын заманбап керектөөлөрүнө ылайык келиши үчүн банк мыйзамдарын модернизациялоого мезгил жеткенин белгилешти. Банк мыйзамдарын реформалоо жана өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо боюнча объективдүү шарт катары жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчылыгы жаралганы айтылды. Долбоор банк мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, кагылышууларды жана кемчиликтерди четтетүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунун жоболору аркылуу банк продукцияларынын жана кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоого, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга да багытталууда.
Талкууда депутаттар мыйзам долбоорунда Улуттук банкка ашыкча укуктар берилип калганын белгилешип, документти дыкат карап чыгуу үчүн 2-окуу режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.