Жогорку Кеңеште 21-январда прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын аскер кызматкерлеринин пенсиясына теңдештирүүчү мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоору V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген. Алар прокуратура кызматкерлеринин кошумча киреше булагы жок болгондуктан, алардын пенсиясын иш стажысына жараша көбөйтүү демилгесин сунуштаган. Ал үчүн "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Мурда "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизилип, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы судьялардын пенсиясына теңдештирилгенин, бирок андай түзөтүү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кошо киргизилбей калгандыктан, мыйзам иштебей калганы айтылды.