2015-жылы Кыргыз Республикасында 7066 жол кырсыгы катталып, 2325 кырсыгы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.
Анын айтымында, оң рулдуу унаалардын айынан болгон кырсыктар жалпы кырсыктардын санынын 32 пайызын түзөт. "Оң рулдуу унаалардын катышуусундагы кырсыктардын кесепетинен 325 адам каза болгон",- деди Асанов.
Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, жол кырсыктары рулдун оң же сол жакта жайгашканынан эмес, айдоочулук күбөлүктөр коррупциялык жол менен берилгендигинен болууда. "Бүгүнкү күндө таксисттер жүргүнчүлөрдү ташып, үй-бүлөлөрүн багышууда. Эгер оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салынса, миңдеген айдоочулар жумушсуз калышат",- деди Тиллаев.