"Айдоочулар оң рулдуу унааларды жыргагандан алган эмес. Алар бензин куюп, бюджетке салык төлөп жатышат",- деди бүгүн, 22-январда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди.
"Оң рулдуу унааларды талкуулоо жаман адатка айланды. Мамлекетке туруктуулук керек. Бул маселени чечиш үчүн айдоочуларга оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта пайдаланууга патенттерди бербеш керек. Ал эми патентти мурда алгандар иштей берсин. Эгер мыйзамды кабыл алып, анан аны жокко чыгара берсек, ким бизге инвестиция берет? Ошондуктан өлкөдө реформалар керек. Айдоочулук күбөлүгүн алуу диплом алгандай болгону туура. Мен айдоочу күбөлүгүмдү алыш үчүн Таласка барып 6 ай окугам. Күбөлүк алганымда үйдө чоң той өткөргөнбүз. Бүгүнкү күндө бөлмөлөрдөн чыкпай эле айдоочу күбөлүктөрүн алышууда. Айдоочулардын билими жоктугунан кырсыктар болуп жатат. Автомектептерде коррупцияны жоюу зарыл",- деди Бабанов.