Эгер оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууга пайдаланууга тыюу салынса, 192 миң адам ишсиз калат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлүнүн маалыматы боюнча, такси кызматтарында пайдаланган унаалар оң рулдуу же сол рулдуу деп каттоого алынбайт. "Өлкө боюнча коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууга уруксат берүүчү 155 миң патент берилген. Патентсиз иштеген таксисттердин саны да көп",- деди Салык кызматынын өкүлү.